Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Түрк абагынан бошогон журналист Германияга кайтты


Месале Толу.
Месале Толу.

Түркиядагы түрмөдө жарым жылча отуруп чыккан немис журналисти Месале Толу 26-августта Германияга кайтып келди. Ал Штутгарттын аэропортунда дароо басма сөз жыйынын өткөрүп, түрк абактарында адилетсиз кармалып отургандар үчүн күрөштү улантарын билдирди.

- Мен азыр бул жердемин, бирок жүздөгөн кесиптештерим, оппозиция активисттери, юристтер жана студенттер - 70 миңдей студент учурда камакта, - деди ал.

Германияда туулуп-өскөн, теги түрк Толу Түркияда 2017-жылы жазында "террорчулук үгүт менен алектенген жана өлкөдө тыюу салынган уюмдун мүчөсү болгон" деген айып менен камакка алынган. Журналист айыптардын баарын четке кагып келген. Ал былтыр 18-декабрда эркиндикке чыгып, 20-августта гана өлкөдөн чыгууга уруксат алды.

2016-жылы Анкарада ишке ашпай калган бийликти төңкөрүү аракетинен кийин түмөндөгөн адамдар - негизинен мамлекеттик кызматкерлер, журналисттер, студенттер кармалган.

XS
SM
MD
LG