Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Ташкентте пиязды чириткени үчүн 11 базарком камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкент шаарындагы “ТашБазарСоода” ассоциациясына караштуу 11 ири базардын базаркомдору камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына алардын жакындары кабарлашты.

Маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү да ырастап, базар жетекчилерине карата кылмыш иши козголгонун, аларга мамлекеттик кампадагы пиязды чиритип жибергени үчүн айып коюлганын билдирди.

Камакка алынгандардын саны мындан ары да көбөйүшү мүмкүн экени айтылды. Алар мамлекетке жалпысынан 12 миллиард сум же 1,5 миллион доллардай зыян келтирген деп шек саналууда.

Базаркомдор 30-июнда камакка алынган, маалымат эми гана ачыкка чыкты. (ErN)

XS
SM
MD
LG