Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Ооганстан: Президент күч түзүмдөрүнүн башчыларын иштен кетирген жок


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өкмөттүн үч коопсуздук органынын жетекчилеринин кызматтан кетүү тууралуу арыздарын кабыл алган жок. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Президент 26-августта коргоо министри Тарик Шах Бахрамиден, ички иштер министри Вайс Бармактан жана Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын башчысы Масум Станекзайдан өз кызматтарында калып, коопсуздукту күчөтүү боюнча ишти улантууну өтүнгөн.

Андан мурдараак Ганинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмар кызматтан кеткен. Президент анын ордуна Ооганстандын АКШдагы элчиси болуп иштеп келген Хамдулла Мохибди койгон.

Андан көп өтпөй айрым маалымат каражаттары Бахрами, Бармак жана Станекзай да кызматтан кетүү тууралуу арыз бергенин жазышкан. "Reuters" кабарлагандай, алар коопсуздук начарлаган учурдагы жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка макул эмес экенин билдиришкен.

Кийинки жумаларда Ооганстандагы коопсуздук боюнча кырдаал кескин начарлап кеткен. "Талибан" кыймылынын жана “Ислам мамлекети” террордук тобунун чабуулдарынан Кабулда ондогон адамдар набыт болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG