Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Мурдагы вице-мэр үй камагына чыгарылды


Ренат Макенов.
Ренат Макенов.

27-августта Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы биринчи вице-мэри Ренат Макеновду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттон алынды.

Ренат Макенов 6-июлда УКМКга сурак бергенден кийин кармалган. Аны менен кошо мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектүү катары камакка алынган.

УКМК билдиргендей, Ренат Макенов Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары менен кошо Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген деп шек саналууда.

Бишкек шаардык прокуратурасы баш калаада үч жарым гектар жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон. Кийин бул ишке 303-беренени (“Коррупция”) кошкон. Учурда тергөө уланууда.

Ренат Макенов былтыр август айында Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп турган. (TSh)

XS
SM
MD
LG