Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

КСДП бийликти сындады


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) ""күзүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев төңкөрүш кылат" деген ушак-айыңдарга түшүндүрмө бербей жатат" деп бийликти сындаган билдирүү таратты.

Билдирүүдө КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "бийлик "күзгү төңкөрүш” жөнүндө массалык түрдө таратылып жаткан маалыматтарга түшүндүрмө бербей жатат жана айрым мамлекеттик органдар чагымчылдарга кырдаалды курчутуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын жаманатты кылууга жол берүүдө" деп билдирди.

Ошондой эле КСДП өз билдирүүсүндө бул имиштерге каршы билдирүү таратууга аргасыз болуп жатканын жана азыркы бийликтин саясатын, кадрдык дайындоолорун, "экономикалык өсүш болбой, саясий оппоненттер куугунтукталып жатат" деп сындап, эл ичинде нааразычылык маанай жаралып жатканын жазган.

Азарынча президенттин аппараты КСДПнын билдирүүсүнө жооп бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG