Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Колдорунан ажыраган жоокерге кенемте төлөп берүү каралып жатат


Руслан Сапарбаев.
Руслан Сапарбаев.

8-августта Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылып жүрүп токко урунган жоокер Руслан Сапарбаевге камсыздандыруу каражатын төлөп берүү каралып жатат. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады. Аскер прокуратурасы факты боюнча тергөөнү аяктагандан кийин, кенемтенин өлчөмү аныкталат.

Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун дарыгерлери консилиум өткөрүп, токко урунуп, оор жараат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин "сол колун да ампутация кылыш керек" деп чечим чыгарышкан. Бүгүн, 28-августта жоокердин колуна операция жасалып, ампутация кылышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

Буга чейин аталган бейтапкананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин жоокердин колунун күйүп калган бөлүгүндөгү жара (гангрена) өйдө жылып баратканын ырастаган. Ал бул жөнүндө жоокердин өзүнө, анын жакындарына да маалымат берилгенин, колуна операция кылууну дарыгерлер кеңешип жатканын айткан эле.

Токко эки колу күйүп калган Руслан Сапарбаевди дарыгерлер 17-августта операция кылып, оң колун чыканагынан өйдөрөөк ампутация кылышкан. Учурда жоокердин абалы оор, бирок туруктуу деп бааланып жатат.

Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылып жүргөн Сапарбаев 8-августта кезмет учурунда токко урунуп алган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго кол салып алганын билдирген.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал быйыл жазында аскерге чакырылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG