“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) видео көзөмөл орнотуу үчүн тендер жарыялады. "Cтратегиялык объект болуп саналган ЖЭБдеги абалды көзөмөлгө алыш керек" деген мекеме аралык комиссиянын сунушу менен ишканага видео камералар орнотулганы жатат. Бул тууралуу “Электр станцияларынын” басма сөз кызматы маалымдады.
Видео көзөмөл системасына ЖЭБдин бардык аймагын камтыган 55 камера, технологиялык системасын караган 155 камера кирет. Ошондой эле анын курамында тартылган материалдар сакталчу видео архив да болмокчу.
Zakupki.gov.kg сайтында тендердин баасы 24 640 000 сом деп турат. (TSh)