Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Орусияда сентябрда ири аскердик машыгуу өтөт


Сергей Шойгу.
Сергей Шойгу.

Орусиянын Коргоо министрлиги «Чыгыш-2018» деген ири машыгуу өтөөрүн жарыялады. Министр Сергей Шойгу машыгуу Борбордук жана Чыгыш аскер округдарынын бардык полигондорунда уюштурулаарын билдирди. Иш-чарага 300 миңдей жоокер, аба-десант күчтөрү, миңден көп учактар жана тик учактар, эки флот тартылмакчы. 11-15-сентябрга белгиленген машыгууга эл аралык макам берилгенин "Интерфакс" агенттиги жазып чыкты.

Былтыр күзүндө Орусия менен Беларустун аймактарында «Батыш-2017» деген машыгуу өткөрүлгөн. Андан көп узабай президент Владимир Путин ири жана стратегиялык ишканаларды аскердик өндүрүмдүн чыгарылышын көбөйтүүгө даяр турууга чакырган.

НАТО "машыгуулар Орусиянын «чоң согушка» камданып жатканын далилдейт" деп билдирди.

Шойгу бул жолку маневрларды 1981-жылы СССР менен Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн катышуусунда болгон машыгуу менен салыштырды. Польшанын чек арасына жакын өткөрүлгөн машыгууну Батыш Советтер Союзунун ири чабуул операциясына даярдыгы катары баалаган.

XS
SM
MD
LG