Украинанын өзүн "Донецк Элдик Республикасы" деп атап алган жикчил аймагынын мурдагы маданият министри Юрий Лекстутес украин бийлигине багынып берди. Ал өзү атайын кызматтарга кайрылып, Донецктен чыгып кетүүгө жардам берүүнү өтүнгөн.
Киевде Лекстутеске каршы кылмыш иши козголгон. «Сени үйдө күтүп жатышат» деген программанын алкагында украин бийлигине багынып, кызматташууга даярдыгын билдирген жикчилерге мунапыс берүү каралган. Коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, Лекстутес 2014-жылдын май айында Донецк облусунда «референдум» өткөрүүгө катышкан, маданият жана туризм министри болгон, бир нече жолу орусиялык телеканалдардан чыгып сүйлөгөн. Бирок кийин жикчилердин катарынан кетүүнү чечкен. Украин маалымат каражаттары аны мурдагы «шериктери» бир нече убакыт Донецкте камакта кармашканын жазып чыгышты.
Украинанын коопсуздук кызматы Лекстутес "Донецк Элдик Республикасынын" Орусиянын ишмердигиндеги башкы ролу тууралуу көрсөтмө бергенин билдирди.