Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Азиада-2018: Мушкер Азат Үсөналиев жарым финалда таймашат


Азат Үсөналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонундагы беттештерине "Украина Атамандары" командасынын курамында чыгып жүргөн кези. Киев, январь, 2015-жыл.
Азат Үсөналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонундагы беттештерине "Украина Атамандары" командасынын курамында чыгып жүргөн кези. Киев, январь, 2015-жыл.

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жарым финалдык таймашка чыкты. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 52 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Үсөналиев чейрек финалда түндүк кореялык О Тае Бомду 5:0 эсебинде жеңди.

Үсөналиев буга чейин лаостук Ахасит Виенхайды (5:0), пакистандык Асит Сиед Мухаммадды (5:0) жеңип алган. Алдыда 31-август күнү жарым финалда өзбекстандык Жасурбек Латипов менен таймашат.

Үсөналиевден сырткары бул күнү кыргызстандык эки боксчу чейрек финалда атаандаштарына утулуп калышты. 60 килограммга чейинки салмакта Арген Кадырбек уулу өзбекстандык Шункор Абдурасуловго (2:3), 69 килограммга чейинки салмакта Абдурахман Абдурахманов казакстандык Асланбек Шымбергеновго (0:5) утулду.

Эртең, 29-августта дагы бир кыргызстандык мушкер Мирлан Түркбай уулу (49 кг.) чейрек финалда Олимп оюндарынын чемпиону, өзбекстандык Хасанбой Дусматов менен күч сынашат.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашып жатат. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар.

Учурда Кыргызстан 16 байге менен (эки алтын, беш күмүш, тогуз коло) медаль алган өлкөлөрдүн катарында 21-орунда баратат. (ECh).

XS
SM
MD
LG