Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Азиада-2018: Дарья Маслова дагы бир байге алды


Дарья Маслова 10 миң метрлик жарышта. Азия оюндары, 25-август, 2018-жыл.
Дарья Маслова 10 миң метрлик жарышта. Азия оюндары, 25-август, 2018-жыл.

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында дагы бир медаль алды. Ал кыздар арасында 5000 метрге чуркоодо экинчи келип, күмүш медалга ээ болду. Бул дистанцияда биринчи болуп Бахрейн мамлекетинин спортчусу Калкидан Бефкаду 15 мүнөт 8 секундда жүгүрүп келди. Кыргызстандык спортчу Маслова марага 15 мүнөт 30 секундда жетти. Ал эми үчүнчү орунду Бахрейндин дагы бир жөө күлүгү Бонту Ребиту алды.

Дарья Маслова буга чейин 10 миң метр аралыкка чуркоодо биринчи келип, алтын медаль алган. Ушуну менен Кыргызстандын капчыгында 2 алтын, 6 күмүш, 9 коло байге бар. Жалпы командалык рейтингде Кыргызстан 17 медаль менен 21-орунда келатат.

Азия оюндары 2-сентябрда жыйынтыкталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG