Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Босния-Герцеговинада журналисттин сабалышы акцияларга себеп болду

Мостар шаарындагы журналисттердин нааразылык акциясы. 28-август, 2018-жыл.
Мостар шаарындагы журналисттердин нааразылык акциясы. 28-август, 2018-жыл.

Босния-Герцеговинада журналисттер сербдер отурукташкан аймакта кесиптешинин катуу сабалышына нааразылыгын билдирип жатышат.

28-августта 200дөй журналист Сараеводо чогулуп, Владимир Ковачевичке кол салгандарды тез арада табууну, мындай кылмыштардын алдын алууну талап кылышты. Ушундай эле акциялар Зеница жана Мостар шаарларында уюштурулду.

BNTV телеканалынын кабарчысын 26-августта Банья Лука шаарында белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен.

XS
SM
MD
LG