Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:48

Кара-Кулжада күйдүргү жуктургандар толук ооруканадан чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда күйдүргү жуктуруп ооруканага жаткырылган 12 адамдын калган тогузу да бир сыйра дарылануудан кийин ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар такай адистердин көзөмөлүндө болуп, дарылоо курсунан өтүп турушат.

15-августта 12 киши күйдүргүнүн белгилери менен ооруканага түшкөн. Кийин алардын баарына “Сибирь жарасы” (күйдүргү) диагнозу коюлган. Беш оорулуунун териси күйдүргү экени лабораториялык жол менен тастыкталган, ал эми калгандарыныкы клиникалык-эпидемиологиялык анализдин жыйынтыгы менен такталган. Мындан сырткары, мал сойгон жайга жасалган анализдин жыйынтыгы оору бул жайдан жукпаганын көрсөткөн.

23-августта бейтаптардын үчөө ооруканадан чыгарылып, калгандары Кара-Кулжа райондук ооруканасында дарыланып жаткан. Сөз болуп жаткан кишилер уйдун этин жегени айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG