Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:41

Ошто бир айылды камсыздай турган ГЭС курулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында кубаттуулугу 2 мегаватт (МВт) болгон чакан гидроэлектростанция курулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” объектти курууну пландап жаткан “Ак-Буура групп” компаниясынын директору Дүйшөнбек Муратов билдирди.

Анын айтымында, ГЭС Ак-Буура дарыясынан бөлүнүп чыккан Увам каналына, Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагынын Озгур айылынын тушуна түшөт. Учурда анын уруксат документтерин бүткөрүү иштери жүрүп жатат.

28-августта Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында аталган ГЭСти курууга макулдук берген токтом кабыл алынды. Эми кыргыз өкмөтү аталган каналдын жээгиндеги 80 сотых жерди берүү боюнча токтом чыгарышы керек.

Чакан ГЭС Чехия, Австрия, Германия жана Кытай мамлекеттеринин биринин технологиясы менен курулат. Анын курулушуна жалпы 1,5 миллион доллардай каражат кетет. Бул сумма Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя катары алынат.

2 мегаватт (МВт) электр энергиясы кеминде 500 түтүнгө жетет. ГЭС өндүргөн электрди “Ак-Буура групп” компаниясы "Ош электро" ишканасы аркылуу үчүнчү тараптарга мамлекеттик тариф менен бирдей баада сатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG