Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Кыргызстанда 180 миң майып бар


28-августта өткөн өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бириккен Улуттар Уюмунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялоого даярдыктарды тездетүү керек экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында ушу тапта Кыргызстанда 180 миң майып бар экени белгилүү болду. Анын 30 миңи балдар. Биринчи топтогу майыптардын жалпы саны 5,5 миңден ашат, алардын 4700дөн көбү тубаса, 800дөйү түрдүү кырсыктан улам тагдырдын оор сыноосун баштан кечирип жатышат.

Кыргызстанда майыптардын эмгек жана башка социалдык укуктары сакталбай жатканын өкмөт да моюнга алып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG