Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:54

Жогорку сот Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырган жок


29-августта Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен жазылган арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Исаков жактоочусу Нурбек Токтакунов кабарлады.

Биринчи май райондук соту 31-июлда тергөөнүн өтүнүчү менен анын абактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан эле. Адвокат "Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон" деп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган. Бишкек шаардык соту 9-августта Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Токтакунов андан кийин Жогорку сотко да арыз берген.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.

Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет. Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган. (TSh)

XS
SM
MD
LG