"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы өлкөдөгү чакан жана орто ишкерликтин абалын, ишкерликти мамлекеттик органдардын текшерүүсүнө мораторий киргизүүгө карата жарандардын пикирин билиш үчүн жүргүзүлгөн кенен изилдөөсүн жарыялады.
Сурамжылоого катышкандардын 40,2% "өлкөдө чакан жана орто ишкерликтин өнүгүү тенденциясы бар" деп, ал эми 34,1% "төмөндөп жатат" деп жооп берген. Жарандардын 68,8% өз ишин ачуу тилеги бар экенин билдирген. Ишкердикти баштагысы келгендер соода (47,6%) жана айыл чарба (22,6%) тармагын белгилешкен. Бирок, бизнести ачууга тоскоолдук кылган себептер катары сурамжылоого катышкандардын 41,8% финансылык каражаттардын жетишпестигин, 19,8% насыя алуунун татаалдыгын атап өтүшкөн. Суражылоого катышкандардын 79,3% ишкерликти текшерүүгө тыюу салуу анын өнүгүшүнө оң таасир этерин айтышкан.
Сурамжылоонун жыйынтыктарынын иштетүү SPSS аттуу статистикалык жана эконометрикалык программалык жабдуусун колдонуп жүргүзүлгөн.(TSh)