Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бул мекеменин башчылыгына талапкер катары Урмат Аралбаевди көрсөтүүнү парламенттеги алты фракцияга сунуш кылышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Акыйткатчы институтунун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Урмат Аралбаевдин талапкерлигин жалпы жыйында бардык кызматкерлер колдошкон. 37 жаштагы Урмат Аралбаев акыйкатчы институтунда 2003-жылдан бери иштейт. Жогорку билимдүү, юридикалык илимдеринин талапкери.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы акыйкатчылык кызматка талапкер катары Канатбек Азизди сунуш кылган. Буга чейинки акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. (TSh)