Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Азиада-2018: Дзюдочу Артур Те коло медаль үчүн таймашат


Азия оюндарынын расмий сайтындагы Артур Те тууралуу маалымат.
Азия оюндарынын расмий сайтындагы Артур Те тууралуу маалымат.

Кыргызстандык дзюдочу Артур Те ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында коло байге үчүн күрөшөт. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 66 килограммга чейинки салмакта татамиге чыккан Артур Те алгачкы беттешинде ирактык Аль Саеди Мохаммад Саттар Жебурду 1:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда жапониялык Жоширо Маруямага жеңилди. Жапон спортчусу финалдык таймашка чыккандыктан, кыргыз дзюдочусуна жооткотуучу таймашка чыгууга шарт түзүлдү. Бул беттеште Артур монголиялык Баттогтох Эрхембаярды 10:0 эсебинде утуп, коло байге үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды. Ал 3-орун үчүн өзбекстандык Шахрам Ахадов менен күрөшөт.

Бул күнү Азия оюндарында дзюдо боюнча Кыргызстандан үч спортчу татамиге чыккан. 60 килограммга чейинки салмакта Отар Бестаев жана кыз-келиндер арасында 52 килограммга чейинки салмакта Ксения Бельдягина алгач беттештеринде атаандаштарына жеңилип, байге үчүн таймашка чыга албай калышты.

Бүгүн, 29-августта кыргызстандык спортчулар дзюдодон сырткары бокс, кураш (өзбек улуттук күрөшү) жана жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышат. Мушкер Мирлан Түркбай уулу (49 кг) чейрек финалда өзбекстандык Хасанбой Дусматов менен беттешсе, жеңил атлет Мусулман Жоломанов 1500 метрге тандоо жарышына чыгат. Кураштан 81 килограммга чейинки салмакта Шатман Эсенбек уулу ооганстандык Малик Яр Мохаммад Ариф менен күрөшөт.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашып жатат. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар.

Азырынча Кыргызстандын капчыгында 2 алтын, 6 күмүш, 9 коло байге бар. Жалпы командалык рейтингде Кыргызстан 17 медаль менен 21-орунда келатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG