Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын чабарманы Стефан де Мистура Женевага, 14-сентябрда өткөргөнү жаткан жыйынга Британиянын, Египеттин, Франциянын, Германиянын, Иорданиянын, Сауд Арабиясынын, АКШнын өкүлдөрү чакырылууда.
Анда Сириянын жаңы Конституциясынын долбоорун даярдоо маселеси талкууланарын БУУнун басма сөз өкүлү Алессандра Беллучи билдирди.
Расмий маалыматка караганда, Улуттар Уюму Сирия үчүн конституциялык комитет түзүү ишин тездетүүнү көздөп жатат.
БУУнун атайын чабарманына расмий Дамаск да, оппозиция да комитетке кирүүчү талапкерлеринин тизмесин жөнөткөндөн кийин ага Сириянын конституциялык комитетин уюштуруу милдети жүктөлгөн.
Стефан де Мистуранын Сириядагы чатакты токтотуш үчүн өкмөт менен оппозицияны сүйлөштүрүү боюнча буга чейинки далалаттары олуттуу жыйынтык берген эмес.
Сириянын жети жылдан берки жарандык согушунда 350 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды. Миллиондогон адамдар качкынга айланды.
Куралдуу кагылыштар 2011-жылдын жазында, президент Башар Асаддын өкмөтү демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды күч менен баскандан кийин башталган. (UE)