Токмок шаарында "бир кишини бычактады" деп шек саналып жаткан, 1988-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранды издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
26-август күнү Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 27-97-беренеси ("Адамдын өмүрүнө кол салуу") менен иш козголгон.
Буга чейин жергиликтүү массалык маалымат каражаттары кылмышка шектүү Токмок шаардык кеңешинин депутаты экенин жазышкан. Бирок милиция бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. (TSh)