Кандуу окуя өлкөнүн батышындагы Анбар провинциясында болду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришкендей, жардыруучу затка шыкалган жана жанкечти айдаган автоунаа ал-Каим деген шаарчада коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөл бекетин сүзгөндөн кийинки жардыруудан кеминде 11 адам өлүп, 16 киши жарадар болду.
Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Ал-Каим - баш калаа Багдаддан 340 чакырым, Сириянын чек арасынан 20 чакырымдай жерде жайгашкан жана Ирактын өкмөттүк күчтөрү былтыр “Ислам мамлекети” тобунан бошоткон акыркы шаарчалардын бири.
Ирак “Ислам мамлекети” тобун жеңгенин былтыр декабрда жарыялаган.
Бирок бул экстремисттик топтун мүчөлөрү андан бери дагы эле адамдарды өлтүрүү жана уурдоо менен алектенип жүрүшөт. (UE)