Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Акыйкатчы институту: Сатыбалдиевдин ден соолугун текшериш керек


Жантөрө Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиев.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Сатыбалдиев буга чейин да учурашып чыккан Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине жүрөгүн текшерүү керек экенин айткан. Анын айтымында, 2013-жылы жүрөгүнө байланыштуу операция жасалып, дарыгерлер ден соолугун маал-маалы менен текшертип турууну сунуш кылышкан. Сатыбалдиев түнкүсүн уктай албай жатканын да билдирген.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Сатыбалдиевдин ден соолугу боюнча УКМКга расмий кат жөнөтүп, атайын кызматтын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда атайын кызматтын өкүлдөрү жакында мурдагы өкмөт башчынын жүрөгү толук текшерүүдөн өтөөрүн билдирген.

Буга чейин Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин да жүрөгү кармап, ооруканада дарыланып чыккан.

ЖЭБдеги коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG