Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Аялды сүзүп өлтүргөн айдоочу боюнча орус тарапка маселе коюлду


Канттагы авиабаза. Архивдик сүрөт.
Канттагы авиабаза. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 29-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Вадим Чекмазов жана Кант авиабазасынын жетекчилигинен Андрей Янкин Лебединовка айылындагы жол кырсыгы боюнча чакыртылды.

Жолугушууда кыргыз тарап жол кырсыгындагы автоунаанын айдоочусу, Кант авиабазасында кызмат өтөгөн К.Азановду тергөө иштерине катыштыруу жана жабырлангандарга кенемте төлөө маселесин койду.

Орусия тарап жол кырсыгында каза болгон маркум А.Курманкалиеванын жакындарына көңүл айтып, айдоочунун тергөөгө катышуусун камсыз кылууга жана кенемте төлөп берүүгө даяр экенин билдирди.

27-август күнү Чүйдүн Лебединовка айылында автоунаа үч жаштагы баласы менен кетип бараткан аялды сүзгөн. Кырсыктан энеси каза болуп, бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG