Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

КСДП депутат Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды


Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарды. Бул тууралуу аталган партиянын катчылыгы кабарлады.

Мындай чечим Рыспаевдин партиянын жобосундагы милдеттерге жана максаттарга каршы иш кылганына байланыштуу кабыл алынды. Ал кандай иштер экени билдирүүдө так айтылган эмес.

Партиянын саясий кеңеши ошондой эле Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына Кожобек Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, тиешелүү убактылуу комиссиялардагы, жумушчу топтордогу жана туруктуу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алууга кеңеш берди.

Бул боюнча депутат Кожобек Рыспаевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Рыспаев 2010-жылы “Ар-Намыс” саясый партиясынын тизмеси менен V чакырылышта, 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен VI чакырылышта Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2012-жылдан бери парламенттеги Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгын аркалайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG