Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Хаменеи: Иран өзөктүк келишимден чыгышы мүмкүн


Аятолла Али Хаменеи өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда. 29-август, 2018-жыл.
Аятолла Али Хаменеи өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда. 29-август, 2018-жыл.

Ирандын Жогорку лидеринин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, эгер 2015-жылы түзүлгөн келишим өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербей калса Иран андан чыгып кетиши мүмкүн.

Аятолла Али Хаменеинин расмий сайтында ал Иран Европа державалары келишимди сактап калат деген “үмүттөрдөн баш тартышы керек” деп эсептей тургандыгы да белгиленген. Жогору лидер мындай сөздөрдү президент Хассан Роухани жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден АКШ быйыл май айында чыгып кеткен жана 6-августтан тартып Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычын калыбына келтирди.

Калыбына келген санкциялар Ирандын автоунаа өндүрүшүн, алтын жана башка түстүү металлдар менен соодасын, тышкы базардан доллар сатып алышын чектейт. Ал эми санкциялардын ноябрь айынан тартып күчкө кирүүчү экинчи баскычы мунай индустриясын жана банк секторун бутага алат деп күтүлүүдө.

Президент Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү Иран менен түзүлгөн келишимден чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.

Келишимдин калган катышуучулары - Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай - аны сактоого убада беришкен. Ирандын жетекчилиги АКШ менен келишимдин шарттарын кайра сүйлөшпөй турганын айтып келатат. (UE)

XS
SM
MD
LG