Кыргызстандын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстан-Казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Президенттик аппарат кабарлагандай, документти ратификациялоо тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Эки өлкөнүн өкмөтү бул макулдашууга былтыр 25-декабрда Астана шаарында кол койгон. Аны ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамды Жогорку Кеңеш 28-июнда кабыл алган.
Макулдашууда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын кармоо жана андан өтүү, адамдарды жана транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү, чек ара чыр-чатактарын чечүү жана башка иш-чараларды өткөрүү маселелери камтылган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл былтыр 10-октябрда күчөтүлгөн. Астана аны кыргыз бажысындагы аткезчилик менен түшүндүрсө, кыргыз өкмөтү андай түшүндүрмөнү четке каккан. Эки мамлекеттин президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев жолугуп, бир катар макулдашууларга кол коюлгандан кийин чек арадан өтүү кайра жеңилдеген. (ErN)