Сириянын президенти Башар Асаддын армиясы өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясына масштабдуу жүрүш пландап жатат. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги өлкөдөгү өз маалымат булактарына таянуу менен кабарлады.
Чабуул качан коюларын байланышка чыккандар билдирген эмес. Бирок мурдараак Асаддын башкы өнөктөшү Орусия Сириянын Жер Ортолук деңиз жээктеринде аскердик кемелерди көбөйткөнү белгилүү болгон. “Калибр” ракетасы менен камсыздалган кемелердин саны он чакты экени да айтылган.
"Reuters" кабарлагандай, учурда Орусия Идлибге чабуулду Түркия менен талкуулап жатат. Анкара бул аймактагы кээ бир топту колдоп келет. Сүйлөшүүлөрдө ошондой эле Иран катышып жатат, бул өлкө Асаддын тарапкери.
29-августта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батышка Идлибдеги операцияга кийлигишпөөнү эскертип, “Идлибде ириңдеп кеткен жара бар, ал жок кылынышы керек. Биздин Батыштагы өнөктөштөрүбүз чагымчылдыкка алдырбайт, антитеррордук операцияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт деп үмүттөнөм”, - деп билдирген.
Мурдараак АКШ Орусияга эскертүү берип, эгер Сириянын президенти Идлибди тартып алыш үчүн химиялык курал колдонсо, ага карата “катуу аскердик сокку уруларын" жарыялаган. (ErN)