Кыргызстанда бүркүт, ителги жана башка колдо багылган алгыр куштарга идентификациялык карта (паспорт) берилет. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.
Паспорттор куштарды Кыргызстанда, чет өлкөдө өткөрүлгөн жарыштарга, көргөзмөлөргө катыштыруу жана аңчылыкка чыгуу үчүн пайдаланылат.
Канаттууларга документ жана микрочип жасаш үчүн жакын арада тендер жарыяланат.
Бул чечим өкмөттүн 2018-жылдын 4-июнундагы “Кыргызстандын аймагындагы жырткыч жана алгыр куштарды багуу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде ишке ашууда.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги билдиргендей, Кыргызстанда 200дөй мүнүшкөр алгыр куш багат. Алардын ичинен 100 киши мамлекеттик агенттиктен “А” жана “Л” категориясындагы мергенчилик күбөлүгүн алган. (ErN)