Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

"Айчүрөк" дүкөнүндөгү киши өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


"Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнү. Архивдик сүрөт.
"Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнү. Архивдик сүрөт.

Бишкектеги "Айчүрөк" дүкөнүндө киши өлүмү менен аяктаган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин негизинде (Денеге атайлап оор жаракат келтирүү) кылмыш иши козголду. Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Адыл Оморов "Азаттыкка" билдиргендей, окуяны Свердлов райондук милициясы териштирип жатат. Каза болгон жаран Бишкектин 1973-жылы туулган жашоочусу болуп чыкты.

Окуя 28-августта болгон. Дүкөндүн чөнтөк телефон саткан бөлүгүндө сатуучу кардарды сабаган. Ал алган жаракатынан ошол жерде каза болгон.

Дүкөндөгү окуя тартылган видео Интернетте да тарады. Анда каза болгон жаранды сатуучу ачууланып келип, бир нече жолу урганы, аны түртүп жиберип, жыгылгандан кийин ордуна басып кеткени көрсөтүлгөн. Кимдир-бирөө кардарды тургузууга аракеттенип, бирок ал турбай, бир нече адам ошол жерге чогулуп калганы тартылган.

Милиция мушташ эмнеден чыкканы иликтенип жатканын, шектүү камакка алынганын билдирди.

XS
SM
MD
LG