Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Эгизбаев тууралуу видеону иликтөөнүн жыйынтыгы сентябрда чыгат


Уланбек Эгизбаевдин мүрзөсү. Нарын облусу, Кочкор району. Көк-Жар айылы.
Уланбек Эгизбаевдин мүрзөсү. Нарын облусу, Кочкор району. Көк-Жар айылы.

"Азаттыктын" чыгаан журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин сууга чөккөн учуру тартылган видеону иликтөөнүн жыйынтыгы сентябрдын башында чыгарылат.

Бул тууралуу ишти иликтеп жаткан Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Айбек Сегизеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкекте видео-техникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Анда видеодо тартылган жагдайлар талданат.

Сегизеков экспертизада куткаруучу, медайым, "Тез жардам" окуя болгон жерге канча убакытта келгени да такталаарын кошумчалады. Видео августтун башында экспертизага жиберилген.

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

17-августта Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) алкагында кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлиги бул иштин алкагында эки ай тергөө жүргүзүлөөрүн маалымдаган.

Бүгүн Уланбек Эгизбаев туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылында маркумдун кыркылыгы өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG