Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Маркум Уланбек Эгизбаев "Эрдик" медалы менен сыйланды


Уланбек Эгизбаевдин "Алтын калем" сыйлыгын алган учуру. Июнь, 2018-жыл.
Уланбек Эгизбаевдин "Алтын калем" сыйлыгын алган учуру. Июнь, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев "Эрдик" медалы менен сыйланды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 30-августта тараткан маалыматта "Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөнү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) "Эрдик" медалы менен сыйланды" деп жазылган.

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

17-августта Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) алкагында кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлиги бул иштин алкагында эки ай тергөө жүргүзүлөөрүн маалымдаган.

Бүгүн Уланбек Эгизбаев туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылында маркумдун кыркылыгы өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG