Чүй облусунун Токмок шаарында бир кишинин бычакталганы боюнча шектүү катары изделип жаткан жаран кармала элек.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, издөө иштери уланууда.
Мекеме "Шектүү Токмок шаардык кеңешинин депутатыбы же жокпу?" деген суроого тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу азырынча жооп бере албай турганын кошумчалады.
26-август күнү Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өмүрүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары кылмышка шектүү Токмок шаардык кеңешинин депутаты экенин жазып чыгышкан.