Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-августта чыккан өрт саат 14:00дө чектөөгө алынды.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин саат 12:31де бир бөлүм, кийинчерээк беш бөлүм өрт өчүрүүгө тартылган. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөргө куткаруучулар, милиция кызматкерлери жардам берип жатканы кабарланды.
Филармониядагы өрт өчүрүү иштерин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов көзөмөлдөп жүргөнү айтылды. Азыр өчүрүү иштери уланууда. Андан жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.
Тилсиз жоо эмнеден чыкканы жана келтирилген зыяндар санала элек.