Орус ырчысы, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Москвада 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтканын маалымат агенттиктери кабарлашты.
Медиада ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен жабыр тартары айтылып келген.
Мурда СССРдин аймагында эстрада ырчысы катары таанылган Кобзон депутаттыкка алгач 1990-жылы шайланган. 1997-жылдан бери Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты болчу.
2014-жылдын мартында ал Орусия президентинин Крым боюнча саясатын колдоого чакырган маданият ишмерлеринин кайрылуусуна кол койгон. Кийин Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге колдоо көргөзүп, өзүн-өзү жарыялаган "Донецк жана Луганск Элдик Республикаларына" бир нече ирет барган.
Украина, Евробиримдик жана АКШ Кобзонду санциялык тизмеге киргизип, алардын аймагына келүүсүнө тыюу салышкан. (UE)