Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:09

Азиада-2018: Дзюдочу Владимир Золоев коло байге алды


Владимир Золоев.

Кыргызстандык спортчу Владимир Золоев ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеште коло байгенин ээси болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Золоев 81 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3-орун үчүн беттеште жапониялык Такеши Сасакини таза жеңип алды (Иппон, 10S1 - 0).

Золоев бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Алгач сириялык Касем Мохаммадды таза утуп, чейрек финалда түштүк кореялык Ли Сеунг Суга жеңилген.

Кийин жооткотуучу беттеште кытайлык Гао Хайюайнды жеңип, коло байге үчүн таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Бул салмакта алтын медалды казакстандык Дидар Хамза алды. Ал финалда ирандык Саиди Моллаейди жеңди. Дагы бир коломедалды монголиялык Отгонбаатар Ууганбаатар тагынды.

Бул күнү Золоевден сырткары дагы бир кыргызстандык дзюдочу Бектур Рысмамбетов (73 кг) коло байге үчүн таймашта Бириккен Араб Эмиратынын өкүлү Виктор Скворцовго жеңилди.

Бул күнү татамиге чыккан дагы бир кыргызстандык спортчу Айжан Кадырбекова (70 кг) алгачкы беттешинде монголиялык атаандашына жеңилип, мелдештерин байгесиз жыйынтыктады.

Дзюдо боюнча таймаштар эртең, 31-августта дагы уланат. Бул күнү 100 килограммдан жогорку салмакта Бекболот Токтогонов жана 90 килограммга чейинки салмакта Фарух Булекулов Кыргызстандын намысын коргойт.

Владимир Золоевдин байгеси менен кыргыз дзюдочулары ушуну менен экинчи коло байге алды. Кечээ, 30-августта 66 кг. салмакта Артур Те 3-орунду ээлеген.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашып жатат. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар.

Азырынча Кыргызстандын капчыгында 2 алтын, 6 күмүш, 11 коло байге бар. Жалпы командалык рейтингде Кыргызстан 19 медаль менен 22-орунда келатат. (SDz).

XS
SM
MD
LG