Иран өзөктүк программасын ал дүйнөнүн ири державалары менен 2015-жылы түзгөн келишимде белгиленген чекте АКШ андан чыгып кеткенине карабай кармоодо.
Мындай тыянак Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭнин 30-августта жарыялаган баяндамасында айтылды.
Бул - МАГАТЭнин АКШ президенти Дональд Трамп өлкөсү 2015-жылкы келишимден чыкканын жарыялаган май айынан берки экинчи баяндамасы.
МАГАТЭ баяндамасында инспекторлору ал Иранда көрүп чыгышы керек болгон жайлардын баарына бара алганын да маалымдап, бирок Тегеран ишенимди чыңдоо үчүн дагы көбүрөөк кызматташа аларын кошумчалаган.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин 29-августта эгер 2015-жылкы келишим өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербей калса, Иран андан чыгып кетиши мүмкүндүгүн билдирген.
Келишимден чыкканына байланыштуу АКШ быйыл 6-августтан тартып Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычын калыбына келтирди.
Калыбына келген санкциялар Ирандын автоунаа өндүрүшүн, алтын жана башка түстүү металлдар менен соодасын, тышкы базардан доллар сатып алышын чектейт. Ал эми санкциялардын ноябрь айынан тартып күчкө кирүүчү экинчи баскычы мунай индустриясын жана банк секторун бутага алат деп күтүлүүдө.
Президент Дональд Трамп өлкөсү Иран менен түзүлгөн келишимден чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.
Келишимдин калган катышуучулары - Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай - аны сактоого убада беришкен. Ирандын жетекчилиги АКШ менен келишимдин шарттарын кайра сүйлөшпөй турганын айтып келатат. (UE)