Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Германиянын чыгышында мигранттарга каршы митинг өттү


Хемництеги ашынган улутчулдардын акциялары.
Хемництеги ашынган улутчулдардын акциялары.

Немистердин Хемниц шаарында ашынган улутчулдар жергиликтүү тургундун өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты. Маркум эки мигранттын кол салуусунан улам мерт болгону болжолдонуп жатат.

Бейшембидеги митинг “Pro Chemnitz” оңчул кыймылынын экинчи жолку митинги болуп калды. Полициянын эсеби боюнча бул жолку акцияга кеминде миң киши чыкты. Алар, ишемби 1-сентябрь күнү да ушуга окшогон митинг өткөргөнү жатышат. Келерки акцияга оңчул "Германия үчүн альтернатива" жана антисламчыл “Pegidа” кыймылы кошулат деп күтүлүүдө.

27-августта да ушул эле топтордун өкүлдөрү Хемницте митинг өткөрүшкөн. Шаар көчөлөрүнө чыккан миңдеген адамдар мигранттарды Германиядан депортациялоого чакырышкан. Германиянын канцлери Ангела Меркел улутчулдар өткөргөн демонстрацияларды кескин сынга алган.

Нааразылык акциясына себеп болгон жергиликтүү тургундун өлтүрүлүшүнө шектүү катары Сирия менен Ирандан келген качкындар кармалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG