АКШнын Мамлекеттик департаменти "Азов деңизиндеги жана Керч булуңундагы украин кемелерин куугунтукка алды" деп Орусияны айыптады. Бул тууралуу Мамдепартаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерттин билдирүүсүндө айтылат.
Баштапкы маалыматтарга караганда, соңку апталарда Орусия Украинага караштуу кеминде 16 коммерциялык кемени кармаган.
“Орусиянын деңиз транзитинин кесилишиндеги аракети - Украинадагы кырдаалдын туруктуулугун бузуу өнөктүгү уланып жатканынын дагы бир далили”, - дейт Нойерт.
Мамдепартаменттин өкүлү Кошмо Штаттар Украинанын эл аралык деңгээлде таанылган чек арасын, анын ичинде суудагы аймагынын бүтүндүгүн колдой турганын кошумчалады.
Мамдепартаменттин билдирүүсүнө Москва азырынча комментарий бере элек.
Орусия менен Украинанын ортосундагы макулдашууга ылайык, Азов деңизи эки өлкөнүн тең ички суулары болуп саналат. Украин жана орус чек арачылары чет элдик кемелерди текшерүүгө бирдей укуктуу. Июлда Украинанын Жогорку Радасы келишимди жокко чыгаруу маселесин караган.
Украинанын Инфраструктура министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын апрелинен бери Орусия Азов деңизиндеги 100дөн ашуун кемени текшерүүгө алган. Алардын баары украин портторуна бараткан. (ErN)