Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

“Жоокерлердин энелери” комитети кырсыкка кабылган аскерлердин ишин иликтей баштады


Кыргыз жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

"Жоокерлердин энелери" республикалык комитети Таш-Көмүрдө сууга чөгүп каза болгон жана Майлуу-Суу шаарында токко урунуп, эки колунан айрылган аскерлердин иши боюнча өз алдынча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу комитеттин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирди.

Анын айтымында, ушул күндөрү ал өзү жана уюмдун башка өкүлдөрү окуя болгон жерди, аскердик бөлүктөрдү кыдырып, күбөлөрдөн маалымат чогултуп жатышат. Алар кошумча экспертиза да өткөрүшүүдө.

Майлуу-Суудагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев 8-августта кезмет учурунда токко урунган. Ага дарыгерлер операция кылып, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин алып барууда.

13-августта Таш-Көмүр шаарындагы №82212 аскер бөлүгүндөгү куткаруу отрядында кызмат кылган Мирлан Доолбек уулу Нарын дарыясына чөгүп каза болгон. Жоокердин жакындары анын өлүмүнө кайдыгерлик себеп болгонун айтып жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG