Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:09

Ошто бажы кызматкери жергиликтүү кеңештин депутатын сабап салды деп шектелүүдө


Эмилбек Кимсанов (солдо) жана Тургунбек Жумаев. Сүрөт каармандардын социалдык баракчаларынан алынды.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын кызматкери Эмилбек Кимсанов Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Тургунбек Жумаевди сабап салды деп шек саналууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы булактар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя аз күн мурдараак болгон. Кимсанов жергиликтүү кеңеш аркылуу Мады айылынан жер сатып алууга аракет кылган учурда, Жумаев каршылык билдирген. Натыйжада бажы кызматкери депутатты Ош шаарынын Кулатов кичирайону жакта жайгашкан өзүнүн үйүнө алдырып келип, бир нече балдар менен сабаган. Ал Жумаевди арматура менен уруп, тапанча менен опузага алганы айтылды. Тургунбек Жумаев бир нече күн ооруканада жатып, араң өзүнө келген.

Кимсанов менен Жумаевдердин өздөрү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Жабырлануучунун жакындары ушундай окуя болгонун ырастап, бирок комментарий берүүдөн чочулап турганын айтышты.

Факт боюнча кылмыш иши козголгону же козголбогону азырынча белгисиз. Ош шаардык ички башкармалыгынын басма сөз кызматы комментарий берүүдөн карманууда.

Ишенимдүү булактар Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы экенин тастыкташты. Кимсанов бажыдагы ишинен сырткары Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын Ош облусу боюнча жетекчиси. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG