Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Президент кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен куттуктады


Эгемендик майрамы.
Эгемендик майрамы.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында куттуктады.

Президент өз сөзүндө Кыргызстан 27 жыл ичинде эл аралык коомчулукта эгемендүү өлкө катары таанылып жатканын белгилеп, бийлик адам укугу, эркиндиги толук сакталган мамлекет курууга аракет кылып жатканын билдирди.

31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду.

Баш калаадагы салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катыша албай турганын алдын-ала билдирген.

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан оодарылган. 2005-жылы анын ордун баскан президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Отунбаева бир жылдан кийин президенттикти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаевден кийин 2017-жылдын 15-октябрында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков шайланган.

Конституцияга ылайык Кыргызстан - демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат. (TSh)

XS
SM
MD
LG