Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Ошто эгемендик майрамы коомдук ишмерлерди эскерүү менен башталды


Оштогу Эгемендик күнү. 31-август, 2018-жыл.
Оштогу Эгемендик күнү. 31-август, 2018-жыл.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев баш болгон бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жарандык коом өкүлдөрү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин айкелдерине гүл коюшту. Алардын мамлекетке, элге сиңирген эмгектери эскерилди.

Салтанаттуу иш-чара Ош шаарынын борбордук аянтында уланды. Түрдүү оюн-зооктор көрсөтүлүп, кыргыз тарыхында из калтырган чыгаан инсандардын кылган эмгектерин чагылдырган көрүнүштөр элге тартууланды.

Ушул тапта шаардын ар кайсы аймактарында Эгемендик майрамына арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Кыргызстандын өз алдынчалыгынын 27 жылдыгына арналган майрамдык салтанат кечинде кайрадан борбордук аянтта эстрада жылдыздарынын коштоосундагы гала-концерт менен жыйынтыкталат. (MdN)

XS
SM
MD
LG