Валерий Жовтенко Украинанын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка Петр Порошенко кол койгону президенттин расмий сайтында кабарланды.
Жовтенко 2011-2015-жылдары Литвада Украинанын элчиси болуп иштеген.
Буга чейинки Кыргызстандагы Украинанын элчиси Николай Дорошенко 2017-жылы апрель айында ишин токтоткон. Анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп Игорь Беленький иштеп жаткан. (TSh)