Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Путин: Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк улана берет деп ишенем


Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин.
Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин.

31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата коңшу мамлекеттердин жана Орусия менен Түркиянын президенттери куттуктоо жөнөтүп жатышат.

Орусия президентинин куттуктоо телеграммасында “эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө мындан ары да умтула беребиз деп ишенем” деп жазылат.

31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду. Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында бүгүн майрамдык иш-чаралар белгиленет. Өлкөдө бүгүн дем алыш.

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан оодарылган. 2005-жылы анын ордун баскан президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Отунбаева бир жылдан кийин президенттикти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаевден кийин 2017-жылдын 15-октябрында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков шайланган.

Конституцияга ылайык Кыргызстан - демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат. (TSh)

XS
SM
MD
LG