Жалал-Абад шаарында өлкөнүн эгемендүүлүгүнө арналган майрамдык салтанатта эс-учун жоготкон балдардын абалы жакшы. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Шаардын борбордук Эркиндик аянтында Эгемендүүлүк майрамына карата уюштурулган салтанатта желек көтөрүп турушкан балдардын экөө эстен танып жыгылган. Алардын бири жергиликтүү бийлик башчылары куттуктоо сөзүн сүйлөп жатканда жерге кулап түшсө, экинчисин жыгылып баратканда тасмага тартып жаткан телеканалдын оператору кармап калган.
Аянтта турган "Тез жардам" кызматы балдарга медициналык жардам көрсөтүп, бири курсагы ачканынан, экинчиси аз кандуулук менен ооругандыктан кан басымы жогорулап кеткени аныкталган. Эки студент тең үйлөрүнө жөнөтүлдү. Алар шаардагы жогорку окуу жайларынын биринде окуган 1-курстун студенттери экени аныкталды.
Бүгүнкү майрамдык иш-чарага театрлаштырылган оюн-зоок көргөзүүгө 500дөй студент менен мектеп окуучулары тартылган. (RsK/TSh)