Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Азия оюндарында эки байге алган Маслованы күйөрмандары тосуп алышты


Дарья Маслова мелдеш учурунда.
Дарья Маслова мелдеш учурунда.

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан байгелүү келаткан кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслованы бүгүн, 31-августта "Манас" аэропортунан күйөрмандары салтанаттуу тосуп алышты.

Маслова жалпы кыргызстандыктарга ыраазылык айтып, мындан ары да спорттогу аракеттерин уланта берерин билдирди.

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында эки медаль алды. Ал кыздар арасында 5000 метрге чуркоодо экинчи келип, күмүш медалга ээ болду. Бул дистанцияда биринчи болуп Бахрейн мамлекетинин спортчусу Калкидан Бефкаду 15 мүнөт 8 секундда жүгүрүп келди. Кыргызстандык спортчу Маслова марага 15 мүнөт 30 секундда жетти. Ал эми үчүнчү орунду Бахрейндин дагы бир жөө күлүгү Бонту Ребиту алды.

Дарья Маслова буга чейин 10 миң метр аралыкка чуркоодо биринчи келип, алтын медаль алган. Азия оюндары 2-сентябрда жыйынтыкталат. (TSh)

XS
SM
MD
LG