Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүккө арналган салтанатта өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, шаар мэри жана башка жетекчилери килемде жумшак отургучта отуруп майрам көргөнү социалдык тармактарда кескин сынга кабылды. Анткени алардын алдында аксакалдар катуу стулдарда отурушкан.
Бул боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров "Фейсбук" баракчасына “мэр сынды кабыл алды, Оштун мурунку мэрлери да азыркыдай көрүнүштө майрам тосуп келишкен. Калаанын башчысы "менин астыма килем сал" же "үстүн тос" деп тапшырма берген эмес” – деп жооп жазды.
Буга чейин дагы Ош облусундагы жетекчилер ушул сыяктуу жоруктары үчүн коомчулуктун сынына кабылып келишкен. (TSh)