Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:36

Ошто бала бакчада наристе чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.

28-августта Ош шаарындагы №40 бала бакчада үч жашар бала чарчап калган. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Максаткан Маметова “Азаттыкка” билдирди:

- Бала түшкө чейин өзүн жакшы эле сезип, тамак жеген. Түштө тамак жеп, уктап жаткан. Кокустан оозу көгөрүп, кыркырап калганда тарбиячылар мени чакырышты. Биз "Тез жардамды" жана апасын чакырдык. Апасынын айтымында, кыздын талма оорусу бар экен, мурда да тез-тез кармап, дары берчү экен.

Маметованын сөзүнө караганда, чарчап калган баланын апасы бала бакчанын кызматкерлерине доосу жок экенин айткан. Каза болгон секелек быйыл февраль айынан баштап тарбияланып жаткан.

Бул бала бакчада балдар кургак учуктан да дарыланышат. Азыр бала бакчада 185 наристе тарбияланат. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG