Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:05

Лукашенко ичкиликке жакын аткаминерлерди кызматтан алат


Лукашенко жана жаңы министрлер. 31-август, 2018-жыл.
Лукашенко жана жаңы министрлер. 31-август, 2018-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко августтун ортосундагы кескин кадрдык жүрүштөрдү улантууга убада берди. Кезектеги кызматтан алуунун себептеринин бири ичкилик менен күрөш экени БЕЛТА мамлекеттик агенттигине жарыяланды.

- Мен бул тууралуу сүйлөгөндөн уялам. Бирок мен жакында иштен айдаган жетекчилердин көбү түзүк эле ичип жүрүшкөн, - деп Лукашенко жума күнү жаңы министрлер менен жолуккан учурда билдирди.

Президент өкмөт эле эмес, башка тармактагы да жетекчилер кызматтан алынарын кошумчалады.

18-августта Беларуста өкмөт башына Сергей Румас дайындалган. Андан тышкары вице-премьерлер жана экономика тармагына байланыштуу министрлер алмашкан. Анда президент "өкмөткө элдин нааразылыгы күчөдү" деп тыянак чыгарган.

XS
SM
MD
LG